Марал Радиосу

Бүгүн кыргыз-тажик УКМК башчылары кайрадан жолугушту

Бүгүн, 25-сентябрда Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчылары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов «Кызыл-Бел» чек ара өткөрмө пунктунда жолугушту. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкө чек ара аймактарында куралдуу кагылышууну жөнгө салуу жөнүндө бир катар протоколго кол коюу күтүлүп жатат.

Буга чейин алар 19-сентябрда бир канча пункттан турган протоколго кол коюшуп, согуштук аракеттерди толук токтотуу, аскерлерди жана аскердик техниканы туруктуу жайгаштырылган жерлерине алып чыгуу жана 14-17-сентябрда болгон окуяларды тыкыр иликтеп чыгууга макулдашышкан.

Тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 62 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган.

Exit mobile version