Марал Радиосу

Баткенден келген 169 жаран Ысык-Көлдөгү пансионаттарга жайгаштырылды

Баткен облусунан келген жарандар Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун санаторий пансионаттарына жайгаштырылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, «Ак Бермет» пансионатына 20 адам, «Көгүлтүр Ысык-Көлгө» 4 адам, «СОС» балдар үйүнө 20 адам, «Кыргыз Деңиз» санаторийине 48 адам, «Алтын Балалык» реабилитациалык борборуна 36 адам, Тамчы айылынын Исабеков көчөсүндө жайгажкан турак үйгө 11 адам​ жайгаштырылган. Ошондой эле 30 адам өз каалоосу менен туугандарыныкына кеткен. Жалпысынан облуска 169 адам келген.

Аларга райондук мамлекеттик администрация тарабынан жатакана жана ысык тамак уюштурулуп, элден чогулган гумжардам таратылып жатат.

Exit mobile version