Марал Радиосу

Жапаров БУУнун Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитине катышты

Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров БУУнун Билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде видеоконференция байланышы аркылуу сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Анда Жапаров уюштурулган саммиттин мааниси, Кыргызстанда билим берүүгө бөлүнүп жаткан өзгөчө көңүл, учурда агартуу тармагында аткарылып жаткан иштер жана келечекке коюлган пландар тууралуу айтты.
Иш-чарага Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев офлайн катышты.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министри БУУнун билим берүүнү трансформациялоо боюнча саммитинде планетардык ден соолук түшүнүгүн билим берүү системасына киргизүү тууралуу сунушун келтирип, катышуучулар тарабынан колдоо тапкан.

Exit mobile version