Марал Радиосу

Ош шаарына Өзбекстандан 35 автобус алып келинди (сүрөт)

Ош шаарына Өзбекстандан 35 автобус келди. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, шаарга Өзбекстандын “SamAuto” заводунан алынып жаткан 50 автобустун 35и келди. Калганы 26-сентябрда келет.

“Учурда Самарканд автомобиль заводунун адистери айдоочуларды даярдоо иштерин жүргүзүүдө. 70 айдоочу окуудан өтүүдө. Жакынкы арада автобустарды линияга чыгаруу пландалууда”, — деп белгилешти мэриядан.

Эскерте кетсек, Ош шаарынын мэриясы, Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фонду жана «SamAuto» Ош шаарына 50 автобус алып келүү боюнча келишимге кол койгон.