Марал Радиосу

Бүгүн Кыргызстан менен Орусиянын футболчулары беттешет

Бүгүн, 24-сентябрда Кыргызстан менен Орусиянын футбол боюнча курама командаларынын жолдоштук беттеш өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Беттеш бүгүн Бишкек убактысы менен саат 20:00дө Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо башталат.

Матчты Данияр Сахинин жетекчилиги астында Казакстандан келген судьялар бригадасы тейлейт, ал эми ага Евгений Бельский жана Самат Тергиусизов жардам беришет.