Биз менен байланышыңыз

24-сентябрда айрым райондордо өткүн өтөт

Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 95 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 24-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл облусунда айрым жерлерде мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,

Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +24…+29,

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +20…+25,

Нарында түнкүсүн +1…+6, күндүз +21…+26,

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…+31 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM