Биз менен байланышыңыз

Бишкекте дагы бир мектептин кошумча корпусу салынды

Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 365 | 0

Бишкектеги №40 орто мектептин жана №6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин кошумча имараттарынын ачылышы болду.

Ошондой эле, «Жаштык» спорт комплексинин базасында курулуп жаткан аялдар күрөшү залынын курулушу да аяктап калды.

Өкмөттүн маалыматы боюнча, Бишкек шаарындагы №40 орто мектеп үчүн аянты 4137 чарчы метр болгон кошумча окуу корпусу курулду. Үч кабаттуу имарат 500 окуучуга ылайыкталган, 18 окуу бөлмөсү, спорт жана жыйындар залдары менен камсыздалган.

Мындан сырткары мектептин аймагында футбол, волейбол, баскетбол, воркаут оюндары үчүн спорт аянтчалары курулган.

№6 автордук окуу-тарбия берүү комплексинин аймагында жалпы аянты 2 040 чарчы метр болгон кошумча имарат курулду, анда спорттук жана жыйындар залы бар.

Жыйындар залында 130 орундук сахна жана кийим илгичи каралган. Жаңы имарат кошумча 600 мектеп окуучусуна саналган.

Өкмөттүн маалыматына ылайык, учурда республика боюнча 2333 жалпы билим берүүчү мектеп болсо, анын 37си жаңы курулган.

Президент тарабынан Бишкекте күзгө чейин 15 орто мектеп жана 1 бала бакча куруу милдети коюлган. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен 2,5 млрд сом, мэриядан 500 млн сом бөлүнгөн.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM