Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров: Баткенге балдарыбызды өзүбүз жибердик

Кыска кабар | 23 Сен 2022 | 6875 | 1

Кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуя учурунда интернетте президент Садыр Жапаровдун уулу жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Баткенде жүргөнү боюнча сүрөт тараган.

Рустам Жапаров Лейлек районундагы Интернационал айылына гуманитардык жардам тараткан унаалардын жанында жүргөнү маалым болгон.

Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик агенттигине 23-сентябрда маек куруп жатып, Ташиев экөө уулдарын Баткенге өздөрү жөнөткөнүн, алар эч кандай пиарга муктаж эмес экенин айтты.

«Рустам менен Таймурас пиар кылгыдай, бийликке жетпей жүргөндөрдөн эмес, эптеп элге көрүнө калып, эртең депутат же президенттикти алалы дегидей. Жөн гана: «Силердин карапайым балдардан эмнеңер кем? Баргыла, алдыда жүргүлө. Аскерлердин кем-карчы болсо, так маалыматты бизге жеткирип тургула», — деп биз өзүбүз жибердик. Барышты, колдорунан келген жардамдарын берип жүрүшөт», — деди Садыр Жапаров.

1 пикир

1 пикир

  1. Шайхулло

    23.09.2022 21:50

    Иш бүткөндөн кийин барыштын эмне кажети бар

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM