Марал Радиосу

Кыргыз армиясын күчтөндүрүүнүн жана реформалоонун жолдору

Тажиктердин баскынчылыгынан коргонуу учурунда 59 кыргызстандык шейит кетип, 200гө жакын адам ар кандай жаракат алды. Ошондой эле ушу кезге дейре дайынсыз болуп жаткандары да бар. Алдын ала маалыматтарга караганда, 600дөн ашык коомдук имарат жана турак үй өрттөлүп, талкаланган. Мындай чоң жоготуулар өлкөдөгү бир топ маселени ортого чыгарды. Эксперттер эң кыска убакта күч түзүмдөрүн реформалоо керектигин эскертишүүдө. Кыргызстандын армиясын күчтөндүрүүнүн жана реформалоонун жолун серепчилерден сурадык.  

Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрү — Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын, Коргоо боюнча мамлекеттик комитетинин, Мамлекеттик чек ара кызматынын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук гвардиясынын курамдарынын жыйындысы. Куралдуу Күчтөрдүн Башкы штабы жана Коргоо министрлиги 12 миң адамдан, Улуттук гвардия 3 миң адамдан жана Мамлекеттик чек ара кызматы 6800 адамдан турат.

Куралдуу күчтөрдүн башкы колбашчысы болуп Президент эсептелет. Мамлекет башчы Садыр Жапаров 23-сентябрда «Кабар» улуттук агенттигине курган маегинде куралдуу күчтөрдүн бүгүнкү абалы, даярдыгы, күчү боюнча буларга токтолгон:

«Чынын айтайын, мен бийликке келгенде армиябыз, башка күч органдарыбыз «итке минип» калыптыр. Бул сөзүмдү күч органдарында иштегендер да тастыктап беришет. Чынын айтсам, былтыр апрелде Тажикстан кол салганда аскерлерибиздин автоматтарынан башка эч нерсеси жок экен. Он танкасы болсо, экөө от алат. Анда да беш чакырымга жетпей өчүп калат. Калганы жүрмөк түгүл, от албайт. 70-80-жылкы танкалар, аккумуляторлору жок. Бир истребителибиз, бир тик учагыбыз жок. Эмнесин айтайын, мына ушундай «итке минген» армияны өткөрүп алыптырмын. Бир жыл ичинде колдон келишинче күчтөдүм. Тамак-аштары да эптеп эле экен. Дароо эки эсеге көтөрүп бердим. Бир жыл ичинде колдон келишинче, акчабыздын жетишинче заманбап курал-жарактар менен камсыз кылдым. Азыр эми Кудайга шүгүр, күчтүү болуп калдык. Душмандын мизин кайтарганга күчүбүз жетет. Өзүбүз катылбайбыз, катылгандын катыгын беребиз. «Итке минген» армиябыз эми «атка минип» турат десек болот. Бирок муну менен токтолуп калбайбыз. Коргонуу үчүн дагы күчтөп жатабыз».

Саясат таануучу Эмил Жороев бийлик армиянын материалдык базасы чыңдалды дегени менен, иш жүзүндө куралдуу кол салуудан кийин дале кемчиликтери көп экени ортого чыкканын айтат.

«Күч түзүмдөрүнө кандай реформалар жүрүп жатканы жалпы коомчулук билүүчү маалыматтарга кирбей калат окшойт. Жалпы эл көрүп жатканы эле атагы чыккан «Байрактарды» сатып алганыбыз, анан УКМКнын жер-жерлерде өздөрүнө кеңселерди салганы. Эгерде ушул маалыматтын негизинде сүйлөсөк, анда бул туура багытта бара жаткандыгынан шек санатат. Жетекчилер мурдагы жылдарга салыштырмалуу жоокерлердин материалдык базасы, шарттары жакшыртылды деп айтып жатышат. Бирок ал көбүнчө сөз жүзүндө калууда. Коңшу өлкө кол салгандагы биздин жоокерлердин, күч түзүмдөрдүн абалын жана мүмкүнчүлүктөрүн байкасак, кемчиликтер дагы деле көп». 

Жоокерлердин тапталышы, билим алышы, даярдыктан өтүшү, курал менен камсыз болушу жана туура тамактанышы — түздөн-түз мамлекеттин жоопкерчилигинде. Мамлекеттик коргонууну бийлик биринчи орунда мойнуна алышы керек.

Мурдагы мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу күч түзүмдөрүн түп-тамырынан реформалоо менен жергиликтүү тургундарды да аскерлештирүү керек деген ойдо.

«Күч түзүмдөрүн түп-тамырынан реформалоо керек. Армия өлкөнү коргогонго кубаттуу болушу зарыл. Кыргызстан өзүнүн армиясы менен кошо чек арага жакын жашаган жергиликтүү элди аскерлештириши керек. Алар да даярдыкта болушу керек. Ансыз биз канчалык аскерди күчтөндүрбөйлү, канчалык реформаларды жүргүзбөйлү, эл өзүн-өзү коргобосо, жоготууга учурай беребиз. А эл менен армия бирдикте болсо, эң күчтүү душман да кол сала албайт. Кыз-келиндерибиз да ал жерде Мекенди коргоого даяр турат. Аларды да машыктырып, үйрөтүп, көндүрүп, жарым армия абалына алып келүү керек. Ошондо эч кандай душман кол көтөрүп, даап келе албайт». 

Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Кеңешбек Дүйшөбаев куралдуу күчтөрдүн чыныгы абалын биринчи кезекте терең изилдеп чыгып, анын негизинде комплекстүү иш алып баруу керектигин белгиледи.

«Сот органдарын, куралдуу күчтөрдү  реформалап жатабыз» деп 30 жылдан бери айтып келебиз. Акыркы окуялар буга чейин болгон өзгөртүүлөрдүн, реформалардын баары максатына жетпегенин көрсөттү. Биздин коопсуздугубуз, коргонуу мүмкүнчүлүгүбүз тиешелүү деңгээлде камсыз болбоптур. Азыр эми «антүү керек, минте коюу керек» дегенден алымын. Булардын баарын терең изилдеп чыгуу керек. Биздин бүгүнкү күндө коопсуздугубуз менен куралдуу күчтөрүбүз кандай деңгээлде, реалдуу абалы, кемчиликтери жана артыкчылыктары кандай? Андан кийин терең талдап, анын негизинде комплекстүү программа даярдоо керек. Аягында баарын бири-бирине айкалыштырып, анан реформа жасоо керек. Буларды атайын терең изилдей турган комиссия керек. Биздин куралдуу күчтөрдүн кол башчысы президент болгондон кийин өзү көзөмөлдөшү зарыл. Комиссияга сөзсүз түрдө дасыккан адистер, генералдар, мамлекеттин деңгээлинде реформага бара турган адамдар кириши керек. Ошондой эле сөзсүз түрдө жарандык коомдук өкүлдөрү кирип, жасалып жаткан иштер ачык-айкын элге жеткиликтүү болушу керек деген ойдомун».

Учурда кайдыгер карабаган жарандар аскерлерге керектүү жабдууларды, кийим-кечелерди жана алардын ишин жеңилдетүүчү бир катар акыркы үлгүдөгү техникаларды элден акча чогултуп сатып берип жатышат. Алардын негизги максаты аскерлердин абалын жакшыртууга багытталууда. Ошол эле учурда жарандар аскерлерге керек болгон тамак-ашты да жеткиришүүдө. Бирок бул жарандардын туруктуу аткара турган иши эмес, бул иштер толугу менен мамлекет колуна ала турган милдетке кирет.