Кыргызгидромет борбору билдиргендей, эртең, 22-сентябрда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй облусунун тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.
Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Нарын облусунун айрым жерлеринде, Чүй облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт, калган аймактарда жаан жаабайт.
Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31,
Талас облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +23…+28,
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн +12…+17, күндүз +27…+32,
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +21…+26,
Нарында түнкүсүн +3…+8, күндүз +21…+26,
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы түнкүсүн +14…+16, күндүз +29…+31 градус болот.