Марал Радиосу

Иманкулов: Күч түзүмдөрүнүн айлык акысы 80%га жогорулады

Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов бүгүнкү маалымат жыйында күч түзүмдөрүнүн айлык акысы 80%га жогорулаганын билдирди. Анын айтымында, тиешелүү жарлыкка президент бүгүн, 19-сентябрда Садыр Жапаров кол койгон.

Ал эми эң аз айлык алган кызматкерлердин эмгек акысы 200%га чейин көтөрүлөт.

Коопсуздук кеңешинин катчысы кошумчалагандай, Кыргызстандын куралдуу күчтөрүн реформалоого убакыт келди.

Азыр тамак-аш, курал-жарак жана башка аскерлерге керек болгон нерселер толугу менен жетиштүү.