Марал Радиосу

Баткен районунда электр энергиясын калыбына келтирүү иштери жүрүүдө

Баткен районунда электр жарыктарын калыбына келтирүү иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг компаниясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Баткен электр тармактары ишканасынын 6 ыкчам топ кызматкери 35-10 кВт Орто-Боз көмөк чордонундагы Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам үзүлгөн кабелдерди кайра улоо жумуштарын жасап жатышат.

Учурда кызматкерлер 35 кВт кубаттуулуктагы Шураб-Самаркандек линиясындагы электр кабелдерин кайра улап, айылдагы үйлөргө жарык берилди.