Президент Садыр Жапаров бүгүн түз эфирде өлкө элине кайрылуу жасайт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Түз эфир УТРК, республикалык жана облустук телеканалдарда, социалдык түйүндөрдөгү баракчаларда көрсөтүлөт.
Башталышы 12:30да.
Бүгүн, 19-сентябрь Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү. Акыркы расмий маалыматтар боюнча 14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Кыргызстандын 59 жараны курман болду. Жабыр тарткандар 160тан ашты.