Марал Радиосу

Гумжардам чогултуу үчүн жалпы 188 пункт уюштурулду

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жалпы 136 миң 770 жаран коопсуз аймакка эвакуацияланып, анын ичинен 3427 жаран убактылуу кабыл алуучу жайларга жайгашканын билдирди.

Баткен облусу боюнча жалпы 45 убактылуу кабыл алуучу жай иштеп жатат.

Ал эми Ош облусунун Чоң-Алай районунун Жекенди айыл аймагынан 5301 жаран коопсуз жайларга эвакуацияланган.

Ошондой эле Ош шаарындагы билим берүү мекемелеринин жатаканаларында 1890 орун  даярдалып, учурда 512 жаран баш калкалоодо.

Расмий маалымат боюнча, Баткен облусуна жалпы 506 тонна гумжардам келген. Анын 116 тоннасын ӨКМ, 301 тоннасын жарандар өздөрү жеткирген. Учурда кампада 89 тонна гуманитардык жардам турат.

Республиканын аймактарынан чогултулган гуманитардык жардамдар 39 оор жүк ташуучу унаага жүктөлүп (635 тонна) Баткен облусунун аймагына жөнөтүлгөн.

Бардык аймакта гуманитардык жардамды чогултуу боюнча жалпы 188 пункт уюштурулган.

— Ош облусунда – 44;

— Жалал-Абад облусунда– 12;

— Нарын облусунда – 6;

— Ысык-Көл облусунда – 69;

— Талас облусунда – 43;

— Чүй облусунда – 12;

— Ош шаарында –1;

— Бишкек шаарында – 1.