Марал Радиосу

Баткенде ИИМдин кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөдө

Баткен облусунда абал туруктуу, бирок чыңалуу сакталууда. Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек району боюнча ички иштер органдарынын башка укук коргоо органдары жана мамлекеттик уюмдар менен бирге коомдук коопсуздукту жана укук тартибин камсыздоону координациялоодо.

Кыргыз-тажик Ички иштер министрликтеринин өкүлдөрү жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо жана чек ара аймактарындагы чыңалууну жоюу максатында Канибадам-Ходжент унаа жолунун чек ара тилкесинде күнү-түнү биргелешип күзөтүүнү макулдашты.

Ички иштер министринин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов Лейлек районунда Кыргызстан жана Тажикстандын Ички иштер министрликтеринин 30дан ашык кызматкерлеринен турган биргелешкен кайгуул-күзөт иштерин жүргүзүүнү тапшырды.

Милиция кызматкерлери укук бузууларды жана чагымчылдыкты алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.