Марал Радиосу

Облус башчысынын чек арадагы акыркы кырдаал боюнча билдирүүсү (видео)

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы кырдаал жөнүндө маалымат берди.

Анын айтымында, 18-сентябрдан 19-сентябрга карата түн тынч өттү, атышуулар болгон жок.

«Бүгүн эки өлкө ортосунда түзүлгөн комиссия Лейлек районундагы чек арада өз ишин алып барат», — деди ал.

Облус башчысы билдиргендей, кырдаал турукташууда.