Марал Радиосу

ТИМ Тажикстанды суверендүү аймакка алдын ала пландаштырылган аскердик агрессиялык акт жасады деп айыптады

Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги Баткендеги 14-17-сентябрда болуп өткөн каргашалуу окуяга өз баасын берди. Министрлик Тажикстандын бул аракеттерин суверендүү Кыргызстандын аймагына алдын ала пландаштырылган аскердик агрессиялык акт деп баалаган.

Маалыматта, тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында, 46 жаран каза болуп, 140 жаран жабыркаган. 140 миңге жакын адам мажбурлап эвакуациялоого дуушар болушкан. Ошондой эле эбегейсиз материалдык зыян келтирилген.

Ал эми тажик тараптын «Тажикстанга карата аскердик агрессия болду» — деген курулай айыптоосун, өзү күнөөсүн башкага оодарып, Кыргызстанды айыптоо аракети деп эсептейбиз, — деп билдирген министрлик.

Ошондой эле, Тажикстандын ТИМинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматтары чындыкка дал келбестигин, кыргыз тарапта тажик аскерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагында жасаган бардык кылмыштарын, аскердик агрессиясын далилдеген бардык (фото жана видео) маетриалдар бар экендигин кошумчалап, керектүү жерде далил катары көрсөтүүгө даяр экенин айткан.

Мындан сырткары, Тажикстан бир катар эл аралык принциптерди: аймактык бүтүндүк, чек араны мыйзамсыз басып өтүү, эл аралык талаштарды тынчтык жолу менен чечүү, курал жана күч колдонбоо жана БУУнун уставындагы адам укугу жана эркиндигин сыйлоону бузганы айтылат маалыматта.

Ал эми Кыргызстан бир гана коргонуу позициясын кармап, тажиктерден айырмаланып бөтөн аймакты ээлеп алууга аракет кылбаганын кошумчалап, Тажикстандын Кыргызстанга карата максатсыз аймактык доо коюу ниети бар экендигин жана бул перспективасы жок ниетинен кайтуу зарылдыгын баса белгилеген.

Андан сырткары тажик тарап ок атууну токтотуу келишимине карабай, Кыргызстандын Баткен облусундагы бир катар социалдык, граждандык объекттерди талкалаганын, 7 айылды басып алганы мыйзамга каршы жана коңшучулукка да жатпай турганын билдирген. Тажик тарап бул баскынчылык аракеттерине аскерлеринен сырткары атайын даярдыктагы согушчандарды да тартканын кошумчалаган.

Толук текст:

«Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2022-жылдын 14-17-сентябрында Кыргыз Республикасынын эгемендүү аймагында болгон окуяларды Тажикстан Республикасы тарабынан биздин мамлекетке карата алдын ала пландалган куралдуу агрессия актысы катары баалай турганын билдирет.
Тажик тараптын адамгерчиликсиз аракеттеринин натыйжасында 2022-жылдын 18-сентябрына карата Кыргыз Республикасынын 46 жараны каза таап, 140 жараны жарадар болгон. Мындан тышкары 140 миңге жакын адам эвакуацияланууга мажбур болду. Ошону менен бирге эбегейсиз зор материалдык зыян келтирилди.
Биз тажик тараптын “Тажикстан Республикасына куралдуу агрессия жасалды” деген негизсиз айыптоолору жоопкерчиликти жана күнөөнү Кыргыз Республикасына жүктөө максатындагы ыплас аракет деп эсептейбиз. Тажик тарап Кыргыз Республикасынын коргонуу аракеттерин дискредитациялоого багытталган, кеңири жайылган дезинформациялык кампанияны баштады.
Тажикстан Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жана башка компетенттүү органдарынын маалыматы чындыкка дал келбейт деп жоопкерчилик менен билдиребиз. Кыргыз тарапта тажик аскерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагындагы агрессиянын башталышы, ошондой эле бардык мыкаачылыктары жана кылмыштары чагылдырылган толук далилдер (фото жана видео материалдар) бар. Керек болгон учурда кыргыз тарап аталган далилдерди берүүгө даяр.
Тажикстан Республикасы БУУнун Уставында жана башка эл аралык документтерде бекитилген аймактык бүтүндүк, мамлекеттик чек аралардын кол тийбестиги, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен чечүү, күч колдонбоо жана күч колдонуу менен коркутпоо, ошондой эле адам укуктарын жана эркиндиктерин сыйлоо сыяктуу өзөктүү эл аралык принциптерди одоно түрдө бузган.
Кыргыз Республикасы Кыргызстандын аймактык бүтүндүгүнө жана эгемендигине жүзүкаралык менен кол салган тажик тараптан айырмаланып, бирөөнүн аймагын басып алуу максатын көздөбөстөн, жалаң гана коргонуу позициясын карманды. Бул айтылгандар Тажикстандын Кыргызстанга аймактык дооматтарынын бар экенин дагы бир жолу тастыктайт. Кыргыз тарабы тажик тараптан Кыргыз Республикасынын аймагына кол салуу боюнча аткарылгыс пландардан жана чек ара аймагындагы кырдаалды курчутууну көздөгөн максаттардан баш тартууну талап кылат.
Мурда жетишилген бардык макулдашууларды одоно бузуп, Кыргызстандын чек арасына аскерлерин алдын ала алып келип, куралдуу күчтөрдү жана оор аскердик техниканы колдонуп, чек ара жана жарандык объектилерге, Кыргыз Республикасынын Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бүткүл периметри боюнча калктуу конуштарга негизсиз кол салып, Баткен шаарынын райондук борборун аткылаган Тажикстан Республикасынын мыйзамсыз жана деструктивдүү аракеттерине каршы чечкиндүү нааразычылык билдиребиз (тастыктоочу видео материалдар бар).
Ок атышууну токтотуу боюнча бир нече жолку макулдашууларга карабастан, тажик тарабы чагымчыл аткылоолорду улантып, Кыргыз Республикасынын Баткен районундагы Достук, Аксай, Интернационал, Жаштык, Борбордук, Арка, Кулунду сыяктуу айрым калктуу конуштарды басып алганын белгилейбиз.
Тажик тарабынын мыйзамсыз аракеттери эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашууларга, биздин өлкөлөрдүн элдеринин ортосундагы ынак коңшулаштыктын жана өз ара колдоонун духуна каршы келген агрессивдүү жана туруксуздукка алып келген аракеттер болуп саналат.
Тажик тарабынын туруктуу эмес куралдуу түзүмдөрүнүн жаңжалга активдүү катышуусу өзгөчө тынчсызданууну жаратат.
Тажик тарабынын аракеттери мамлекеттер аралык ири жаңжалдын чыгышына, ошондой эле бүтүндөй Борбордук Азия чөлкөмүндөгү кырдаалдын чыңалышына алып келиши мүмкүн. Мындан тышкары, тажик тарабы баштаган жаңжал карапайым калктын, аскер кызматкерлердин жоготууларына, аскердик жана жарандык инфраструктурага, жергиликтүү тургундардын ден соолугуна жана мүлкүнө олуттуу зыян алып келди.
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги эки өлкөнүн ортосундагы талаш-тартыштарды тек гана тынчтык жолу, саясий-дипломатиялык ыкмалар жана сүйлөшүү аркылуу чечүү зарылчылыгын дагы бир жолу ырастайт».