Марал Радиосу

Кыргызстанга куралдуу кол салуу: шейит кеткендердин саны 59га жетти

Баткен облусунан алынган ыкчам маалымат боюнча, дагы 13 адамдын сөөгү Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарына келип түшкөн. Тажикстандын куралдуу кол салуусунан улам шейит кеткендердин жалпы саны 59ду түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги маалымдады.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан улам жабыркагандардын саны 18-сентябрь саат 22:00гө карата 140 адамды түздү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады.

Анын ичинен 7 адам амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү.

Жабыркагандардын көбү Бишкек жана Ош шаарларындагы саламаттыкты сактоо уюмдарына которулган (102 киши).

1. Улуттук госпиталда — 71 адам;

2. Улуттук хирургиялык борбор – 8;

3. Эне жана баланы коргоо улуттук борбору – 8;

4. Тез жардам ооруканасы — 9;

5. Ош облустук бириккен ооруканасы – 4;

6. Ош облустар аралык балдар клиникалык ооруканасы – 2.

Калган жабыркагандар Баткен облусунун саламаттыкты сактоо уюмдарында стационардык дарыланууда. Бардыгына  керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, кандын компоненттери, дары-дармектер жана медициналык буюмдар жетиштүү санда бар.