Марал Радиосу

Өкмөт: Бирдиктүү эсепке 18 млн 175 миң сом түштү

Бүгүн, 18-сентябрь саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн ачылган эсепке 18 млн 175 миң сом түштү.

Бул тууралуу каржы министринин орун басары Улан Даникеев билдирди. Жалпы 414 транзакция аткарылды.

Министрлер кабинети кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы куралдуу кагылыштан жапа чеккен жарандарга финансылык жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн бирдиктүү эсепке акча которууга чакырат.

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын бирдиктүү эсеби ачылган.

Алуучу: Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты.

Алуучу банк: Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгы

Казыналык системасындагы алуучунун эсеби: 4409021103005073

БИК 440902 — (МКП, ВКП)

БИК 440001 — банктар аркылуу.

Коммерциялык банктар аркылуу алуучунун эсеби: 1352119929762602

Алуучу банк: «Айыл Банк» ААК

БИК 135001

Төлөөнүн багыты: Баткен окуясында жабыркагандарга жардам көрсөтүү

Төлөм коду: 14411100.