Бүгүн, 19-сентябрь Кыргызстанда улуттук аза күтүү күнү. Бул күнү өлкө аймактарында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлөт.
Маданият мекемелери жана телерадиокомпаниялары оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотот.
Баткен менен Ошту калыбына келтирүү боюнча чукул жарлык чыкты
14-17-сентябрда Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Тажикстандын куралдуу кол салуусунда Кыргыз Республикасынын жарандары курман болду. Акыркы расмий маалыматтар боюнча мерт кеткендердин саны 59га жетти. Жабыр тарткандар 144тү түздү.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы окуяны Тажикстандын алдын ала пландалган куралдуу агрессиясы деп атады.
Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда «Баткен жана Ош облустарынын административдик-аймактык бирдиктерин калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.
Ага ылайык, Баткен, Ош облустарын калыбына келтирүү боюнча комиссия түзүлөт.