Марал Радиосу

УКМК: Саатбек Эгамбердиевдин атынан жалган маалымат таратышууда (видео)

Кыргыз-тажик чек арасындагы жагдайга байланыштуу акыркы күндөрү Кыргызстанга каршы маалымат согушунда кызыкдар тараптар фактыларды тескери бурмалап, Кыргыз Республикасын терс өңүттө көрсөтүүгө аракет кылууда.

Кыргызстандын жарандарынын жеке маалыматтарын пайдаланып, жалган маалыматтарды таратып жатканын УКМКдан кабарлашты.

Социалдык тармактарда Кыргызстандын жарандарынын атынан фейк аккаунттардын топтору түзүлүүдө. Анын ичинде Баткендин Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы Саатбек Эгамбердиевдин атын, сүрөтүн пайдаланган аккаунт бар.

Саатбек Эгамбердиев бул аккаунт өзүнө эч кандай тиешеси жок экендигин айтууда.