Марал Радиосу

Баткенге кол салуу. Садыр Жапаров Путин менен сүйлөштү

Бүгүн, 18-сентябрда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Алар мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кырдаалды талкуулашты.

Садыр Жапаров Путинге учурдагы абал, кыргыз тараптан шейит кеткендердин жана жабыркагандардын саны, кагылышуулардын натыйжасында Баткен облусунун чек арага чектеш айылдарындагы жарандык жана социалдык инфраструктуралык объектилердин талкаланышы жөнүндө маалымдаган.

«Эки тараптан тең Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кризистик кырдаалды тынчтык дипломатиялык жол менен гана жөнгө салуунун маанилүүлүгүн баса белгиленди» , — деп айтылат маалыматта.

16-17-сентябрда Тажикстан Кыргызстандын аймагына кол салгандан бери 36 адам шейит кетти, 130дан ашык адам жараат алды, 140 миңден ашуун адам коопсуз жайга көчүрүлгөн.