Марал Радиосу

Тажикстандын кол салуусу. Шевченко кыргызстандыктарды колдоп билдирүү жазды

UFC уюмунун аялдар арасындагы эң жеңил салмактагы чемпиону Валентина Шевченко Кыргызстандын элин колдоп социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жарыялады.

Шевченко оор кырдаалда элди биримдикке чакырып, үмүт дайыма бар экенин айтты.

«Ар бир караңгы түндүн артынан жарык таң атат. Эң кыйын учурда да үмүттүн шооласы жанып турат. Мен өз элимди, эң кыйын мезгилде кайдыгер карабаган карапайым элимди сүйөм. Биздин күчүбүз биримдикте, ынтымакта экенин бир канча жолу далилдедик. Бардык жерде тынчтык болсун!» , — деп жазган Валентина Шевченко.

Кыргыз-тажик чек арасындагы аймактарга Тажикстандын кол салуусунан улам мерт кеткендердин саны 36га жетти, дагы 130дан ашык киши жабыркады.