Марал Радиосу

Баткенге кол салуу. Мектеп директорлорун тандоо сынагы жылдырылды

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы мектеп директорлорун дайындоо боюнча сынак белгисиз мөөнөткө жылдырылды.

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Иш-чаранын датасы тууралуу кошумча маалымат берилет.

Мектеп директорлорун тандоо сынагынын экинчи этабы 21-сентябрда Баткен облусунда, 21-22-сентябрда Жалал-Абад облусунда, 23-24-сентябрда Ош облусунда өтүшү керек болчу.