Марал Радиосу

Раззаков шаары: Кезек күткөн эл. Учак рейстери жетишсиз болууда (фото)

Лейлек районунун Раззаков шаарындагы аэропортто элдин тыгыны пайда болду. Учурда жаш балалуу келиндер, кары картаңдар жана мүмкүнчүлүгүнөн чектелген адамдар Бишкекке учуп кетүү үчүн кезек күтүп турушат. Учак каттамы жок болгондуктан, эки күндөн бери аэропортто түнөп жатышыт.

Эки күндөн бери учак каттамын күткөн жергиликтүү тургундар Марал радиосуна кайрылышты.

Кулунду айылдык кеңешинин депутаты жаш балалуу келиндерди, кары картаңдарды жана мүмкүнчүлүгүнөн чектелген адамдарды Бишкек шаарына коопсуз жайга жеткирүүнү суранды.