Казакстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Наурызбай ажы Таган уулу Кыргызстанга тынчтык тилеп бата кылды. Боордош казак элинин Азирети Муфтийи кандуу окуя тез арада токтоп, ааламда согуш болбой, түрдүү балээ-кырсыктан оолак кылышын сурап бата кылгандыгын муфтияттан билдиришти.
Бул үчүн Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтий Замир кары Ракиев Казакстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жана боордош казак элине ыраазычылык билдирди.