Марал Радиосу

Баткен жана Лейлек райондорунда 8 миң үй жарыксыз калууда

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунда калыбына келтирүү иштеринен кийин 18 жерде аныкталган 10 кВ аба чубалгыларынын 11 даана 10 кВ аба чубалгысы өчүрүлгөн бойдон. Муну менен 8079 үй электр энергиясыз калууда. Бул тууралуу Улуттук энергохолдинг ишканасы билдирди.

Жалпысынан Тажикстандын Кыргызстанга куралдуу кол салуусунан кийин 15 линия үзүлүп, 32 калктуу конуш электр энергиясыз калган, анын ичинен Баткен облусунда 26, Лейлек районунда 6 конуш.

Кечээ 17-сентябрь кечинде Лейлек району боюнча дагы 6-10 кВ 3 аба чубалгылары өчүрүлгөндүгү аныкталган.

Бүгүнкү күндө 7-10-кВ аба чубалгылары “Кыргызстан УЭТ” акционердик коомунун оперативдүү топтору тарабынан чыңалууга кошулду.

Калган линиялар аймакта түзүлгөн оор кырдаалдан улам чыңалуусуз калууда.

Ош облусунун Чоң-Алай районунда электр энергиясы менен камсыздоо боюнча абал нормалдуу.