Марал Радиосу

Баткендин 90 миңден ашык тургуну облустун борбордук райондоруна эвакуацияланды

Баткен облусунун 90 миңден ашуун тургуну облустун борбордук райондоруна жана шаарга эвакуацияланды. Бул тууралуу Социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

Ага ылайык, азыркы учурда баткен облусунун чек арага жакын жайгашкан райондорунан Сүлүктү шаарына 3 миң 485 адам эвакауцияланды. Анын ичинен 1 миң 862си балдар, ал эми 413у улгайган адамдар. Алар социалдык мекемелерге – мектеп, бала бакча, мечиттерге, ошондой эле жеке турак үйлөргө жайгаштырылды. Бардык эвакуациялангандар эң керектүү буюмдар, тамак-аш менен камсыздалган.

Лейлек районуна 53 миң 162 жаран эвакауцияланып, бардыгы тамак-аш менен камсыздалып, гумажардамды жеткирүү уюштурулган.

Баткен районуна көбүн эсе Кадамжай районунун тургундары эвакуацияланды. Алардын жалпы саны 29 миң 962 адам болсо, анын 19 миң 652си балдар, 1 миң 207си улгайган адамдар.

Учурда Ош шаарына 2 миң 184 тургун эвакуацияланып, бардыгына керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө, 84 жаранга консультация түрүндө психологиялык жардам көрсөтүлдү.

«Чоң-Алайга 3 миң 148 жаран эвакуацияланды, аларды облустун тургундары өз үйлөрүнө, социалдык мекемелерге кабыл алып, бардык керектүү жардамдар көрсөтүлүүдө», — деди министрдин орун басары.