Марал Радиосу

Лейлектен Бишкекке гемодиализ алган 10 жаран жеткирилди

Баткендин Лейлек районунан Бишкекке гемодиализ алган 10 жаран атайын борт менен жеткирилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Жылдыз Айгерчинова билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда жалпы 35 адам гемодиализ алат.

«Кечээ, Лейлектен Бишкекке гемодиализ алган 10 жаран атайын борт менен келди. Бүгүн дагы үч адам алып келинет», — дейт ал.

УКМКнын Чек ара кызматынын берген акыркы маалыматына караганда, 17нен 18-сентябрга караган түн тынч өткөн, бирок кырдаал курч бойдон калууда.

Чек арадагы кагылышта каза болгондордун саны 36 кишиге жетти, 134 адам жабыркады.