Марал Радиосу

Нью-Йорк жана Чикаго шаарындагы мекендештер нааразычылык акциясына чыгышты

Нью-Йорк жана Чикаго шаарындагы кыргызстандыктар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонду Кыргызстанга карата ок атууну токтотуусун талап кылып, нааразычылык акциясына чыгышты.

Алар КМШ, Борбордук Азия жана чет өлкөдөгү мекендештерге төмөндөгүдөй кайрылуу жасашты.

«Эмомали Рахмон — Борбордук Азиядагы туруктуу агрессор жана акыркы диктатор! Кыргыз айылдарына, мектептерине, бала бакчаларына кол салып, согуш кылмышын жасап жатат! Дүйнө Рахмонсторду билиши керек! Андыктан мен баарыңыздарды Тажикстандын элчиликтери жана консулдуктары жайгашкан шаарларыңыздагы нааразылык акцияларына катышууну суранам. Рахмондун адамзатка каршы кылмыштары тууралуу дүйнөлүк коомчулукка айтып бериңиз жана көрсөтүңүз».