Марал Радиосу

УКМК: саат 11:15те тажик тарап Достук айылын миномет менен аткылады

Лейлек районундагы Достук айылы кайрадан тажик тараптын аткылоосуна дуушар болду. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматы билдирди.

Маалыматта бүгүн, 17-сентябрда саат 11:15те тажик аскерлери Достук айылына минометтен ок чыгарышкан. Тактап айтканда үч позициядан миномет менен аткылоого алган.

Чек ара кызматынын аскерлери учурда абалды жеринен көзөмөлдөөдө.