Марал Радиосу

Германиядагы мекендештер Баткенге жардам чогулта баштады

Германиядагы  мекендештер Баткен облусунда жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн акча каражатын чогулта баштады.

Германиядагы BIZ e.V. уюму учурда  өлкөдө болуп жаткан өзгөчө кырдаалга байланыштуу кагылышуудан жабыр тарткан Баткендин тургундарына финансылык жактан көмөк көрсөтүүнү чечкенин билдирди.

Маалыматта чогулган каражат «Элим барсыңбы?» кайрымдуулук фонду аркылуу жашаган жерлеринен эвакуация болгон адамдардын муктаждыктарына (баш-паанекке, күйүүчү майга, дары-дармекке жана кийим-кечеге) жумшалары айтылат.

Германиядан көмөк көрсөтүүнү каалагандар үчүн банктын координаттары:

Bank: Volksbank
Kontoinhaber: BIZ e.V.
Verwendungszweck: Batken 2022
IBAN: DE45 5139 0000 0072 5507 06
BIC: VBMHDE5F
PayPal: https://www.paypal.com/donate/…