Марал Радиосу

УКМК: Чек арадагы абал саат 9:00гө карата чыңалуу бойдон

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат бөлүмү бүгүн, 17-сентябрь саат 09:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал чыңалуу бойдон сакталып тургандыгын маалымдады.

Буга чейин жетишилген макулдашууларды бузуп, саат 08:50дөн 08:55ке чейин тажик тарап Баткен районунун Паскы-Арык жерлигине миномёттон ок чыгарган. 

Саат 8:55те аткылоо токтотулду.

Чек ара кызматынын Баткен облусунда жайгашкан тарамдарынын өздүк курамы учурдагы кырдаалды турукташтыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүдө.