Саламаттыкты сактоо министрлиги 16-сентябрь саат 23:30га карата (ыкчам маалымат) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында жалпысынан 87 жабырлануучу ооруканага кайрылганын кабарлады.
Анын ичинен 5 адам үйдөн дарыланууга жөнөтүлгөн.
Жабырлануучулар негизинен, денесинин ар кайсы жерине ок тийгендер.
-Баткен облустук бириккен ооруканасында — 28 жабырлануучу;
-Лейлекте — 21;
-Кулундуда — 3 жабырлануучу;
Сүлүктү өз — 3 жабырлануучу;
-Улуттук госпиталда — 20 адам;
-Улуттук хирургиялык борбордо – 1 жабырлануучу;
-Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда – 6 жабырлануучу.