Марал Радиосу

Баткен шаары: Аткылоого алынган үй (сүрөт)

Баткен шаарындагы жергиликтүү тургундардын биринин үйү да тажик тараптын аткылоосуна кабылып, талкаланган. Бизге келген маалымат боюнча бул үй Баткен шаарындагы Ж. Бөкөнбаев атындагы орто мектепке жакын жайгашкан.

Маалыматка ылайык, бүгүн тажик тарап Баткен шаарын көздөй да ок чыгарып, минометтор менен аткылаган. Натыйжада бир канча жерде өрт чыгып, шаар тургундарынын көпчүлүгү эвакуацияланган.

Соңку маалыматтарга ылайык, тажик тарап ок атпоо келишимин бузуп, саат 18:30 чамасында Лейлек районунун Кулунду, Жаңы-Жер айыл аймактарын аткылай баштаган.