Марал Радиосу

Жалал-Абаддан Баткенге гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Бүгүн, 16-сентябрда Баткен облусунун чек ара чырына байланышуу эвакуацияланган жарандарга жардам көрсөтүү максатында, Жалал-Абад шаарынын борбордук аянтында атайын штаб түзүлдү.

Азыркы учурда Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн резервдик фондунан 5 тонна ун, 5 тонна күн карама майы, 2 тонна кумшекер жиберилди. Мындан сырткары шаар мэриясы жана ыктыярдуу демөөрчүлөр тарабынан күнүмдүк колдонулуучу негизги азыктар жыйналып, жардамдар көрсөтүлүүдө.

Баткен облусундагы жарандарга көмөк көрсөтүү аракеттери облустун бардык район-шаарларында колго алынып, штабдар түзүлдү.