Марал Радиосу

Чек ара: Саат 18:00гө карата жабыркагандар 50дөн ашты

Саламаттыкты сактоо министрлиги 16-сентябрь саат 18:00гө карата (ыкчам маалыматтар) куралдуу кагылышуулардын натыйжасында медициналык уюмдарына жалпысынан 55 жабырлануучу жаткырылганын кабарлады.

Анын ичинен 3 жаран үйдөн дарылоого жөнөтүлдү. Жабырлануучулардын денесинин ар кайсы жерине снаряддын сыныктары тийген жана октон жарадар болушкан.

Жабыркагандардын ичинде 7си аял, 5 жаш бала бар.

  1. Баткен облустук бириккен ооруканасы — 23 киши,
  2. Лейлек ЖДБ 22,
  3. Кулунду ЖДБ — 3,
  4. Улуттук госпиталда- 3,
  5. УХБ– 1 жабырлануучу.

Ошондой эле, 15 жаштагы бир кыз октон жараат алып, каза болду. Баткен облусунан алынган оперативдүү маалыматтарга караганда, каза болгон учурлар дагы бар, алар боюнча маалымат азыр такталууда, кошумча маалымат кийинчерээк берилет.