Марал Радиосу

Ош облусу Баткенге 40 тонна гуманитардык жардам жиберет

Ош шаарында жана Ош облусунда Баткен облусуна гуманитардык жардам чогултуу пункттары уюштурулду.

Президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүн кечинде 40 тоннага жакын гуманитардык жардам Баткен облусуна жөнөтүлөт.

Ош шаарынын мэриясы бүгүн Баткен облусуна бир нече тонна макарон, күрүч, картошка, сабиз, пияз, туз, ошондой эле балдар үчүн гигиеналык каражаттарды жөнөтөт. Ошондой эле кайдыгер карабаган жарандар тарабынан Баткен облусуна жөнөтүү үчүн азык-түлүк жана керектүү каражаттар келип түшүүдө.

Кошумчалай кетсек, Бишкекте да Баткендеги чек арада жабыркагандарга жардам берүү үчүн атайын пункт ачылган.