Марал Радиосу

Баткенге Оштон жардам жөнөтүлөт

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун тапшырмасы менен Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүү боюнча иштер жүрүүдө. Учурда Ош шаарынын мэриясы менен Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү биргеликте борбордук штаб түздү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жергиликтүү бийлик тарабынан жардам чогултуу башталды. Баткен элинин учурда негизги муктаждыктарын (азык-түлүк, буюм, керектелүүчү каражаттар) жөнөтүүгө басым жасалат.
Эл тарабынан жардам берүүнү каалагандар борбордук аянтка (мэриянын алды) алып келсе болот.

Байланыш үчүн телефондор: 0559 850 191, 0999 929 790.