Марал Радиосу

УКМК: Тажикстан сүйлөшүүлөргө карабай оор техниканы колдонууда

«Ок атышууну токтотуу аракеттерине карабастан, тилекке каршы, тажик тарап жаңжал болгон аймакка оор аскердик техникасын тартууну улантып жатат».

Бул тууралуу Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

«Кыргыз Республикасынын аймагын аткылоо үчүн колдо болгон арсеналдын баарын пайдаланып, биздин территориябызды басып алууга аракет кылууда. Учурда чектеш аймактарда катуу кагылышуулар жүрүп жатат. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин кызматкерлери Тажикстандын аскерий агрессиясынын мизин кайтарууну улантууда» , — деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 16-сентябрда таңдан бери кыргыз-тажик чек арасындагы чектеш аймактарды Тажикстандын чек арачылары аткылап жатат.

Кыргызcтандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жана Тажикстандын  УКМКсынын башчысв Саймумин Ятимов сүйлөшүү жүргүзүүдө.