Марал Радиосу

Чек арада жабыркагандардын саны 18ге жетти

Кыргыз-тажик чек арасындагы айылдарга тажик тараптын кол салуусунан улам жабыркагандардын саны 18ге жетти.

Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлиги 16-сентябрда саат 11:00гө карата билдирди.

Жабыркагандардын абалы жана диагнозу тууралуу маалымат бериле элек.

Саламаттыкты сактоо министрлиги Баткен облусунун бардык саламаттык сактоо уюмдары жана тез жардам кызматы күчөтүлгөн режимге өткөнүн белгилейт.

Ооруканаларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн кандын компоненттеринин, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жетиштүү көлөмү бар.