Марал Радиосу

Жогорку Кеңештин кезексиз жыйыны жабык эшик артында өтөт

Кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалга байланыштуу бүгүн, 16-сентябрда саат 13:00дө Жогорку Кеңештин депутаттары кезексиз жыйынга чогулат.

Бул тууралуу парламенттен кабарлашты.

Төрага Талант Мамытов «Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү» мыйзамдын 20-беренесинин 1-бөлүгүнүн 8-пунктуна ылайык, Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынын чакырат.

Жыйын жабык эшик артында өтүп, депутаттар Баткен облусундагы кырдаалды талкуулайт.