Бүгүн, 16-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Мындай маалыматты Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка караганда, саат 7:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал курч бойдон калууда.
Саат 06:00дө тажик тарап Чек ара кызматынын Эки-Таш, Чыр-Дөбө, Кум-Мащар жана Орто-Боз жергелериндеги чек ара отрядын жана кыргыз тараптын позицияларын аткылай баштаган.
Саат 06:30да тажик тарап Баткен чек ара отрядынын «Көк-Таш» чек ара бекетинин көзөмөлүндөгү тилкени миномет менен ата баштаган.
Чек ара кызматынын Баткен облусунун кыргыз-тажик тилкесинде жайгашкан бөлүмдөрү күчөтүлгөн режимде кызмат кылууда жана абалды турукташтырууга жана жаңжалдын чыгып кетүүсүн алдын алууга бардык күчүн жумшайт.
Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Андан эки чек ара аскери жана 4 жергиликтүү тургун ар түрдүү жаракаттарды алышкан.