Марал Радиосу

Эрназар Акматалиев жарым финалга чыкты

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев жарым финалга өттү.

Ал болгариялык балбан Рамазан Рамазанов менен күрөшүп, аны 11:00 эсебинде жеңип, жарым финалга жолдомо алды.

Ал 70 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.

Биринчи беттеште Эрназардын атаандашы Молдовадан келген Европа чемпионатынын коло байге ээси болгон. Акматалиев 14:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти.

Бүгүн дагы бир кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов 1/16 финалдан тарта күрөшүп, учурда ал чейрек финалга өткөн.