«Улуу көчмөндөр мурасы» улуттук холдингинин башчысы Тенгиз Бөлтүрүктүн баш коргоо чарасы каралып, 10-ноябрга чейин камакта калтырылды.
Чечимди Бишкектин Октябрь райондук соту 15-сентябрда чыгарды.
Тенгиз Бөлтүрүк Кумтөрдөгү коррупцияга байланыштуу кармалган. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, Кумтөрдөгү коррупциялык схеманын натыйжасында мамлекетке 1 млрд сомго жакын зыян келтирилген.
Быйыл 24-августта «Кумтөрдү» буга чейин жетектеп келген Теңгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматтарынан четтетилген.