Марал Радиосу

Дүйнө чемпионаты: Эрназар Акматалиев чейрек финалга өттү

Сербияда өтүп жаткан күрөш боюнча Дүйнө чемпионатында кыргызстандык эркин күрөшчү Эрназар Акматалиев алгачкы атаандашын жеңди.

Ал 70 килограммга чейинки салмак ченинде катышып, 1/8 финалдан баштаган.

Биринчи беттеште Эрназардын атаандашы Молдовадан келген Европа чемпионатынын коло байге ээси болгон. Акматалиев 14:2 эсебинде мөөнөтүнөн мурда жеңишке жетти. Эми ал чейрек финалда болгариялык Рамазан Рамазанов менен күчүн сынайт.

Бүгүн дагы бир кыргызстандык балбан Арсалан Будажапов 1/16 финалдан тарта күрөшүп, алгачкы атаандашын жеңип, финалдын кийинки баскычына өттү.