Марал Радиосу

Ташиевдин кызматтык унаасы бир адамды сүзүп кеткени тастыкталды

Атайын кызмат УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге таандык Land Cruiser 300 кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча маалымат берди.

Бүгүн Kaktus media сайты Ташиевдин унаасы скутер менен бара жаткан жаранды коюп кеткенин жазган.

«Окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу «Манас» аэропортунан Бишкекке кайтып келе жатканы белгилүү болду. Трассада Бишкек шаарынын тургунунун скутерин Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа сүзүп кеткен. Окуянын катышуучулары бул кичинекей жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишти» , — деп айтылат маалыматта.

УКМКнын басма сөз кызматы жол кырсыгында жабыркагандар жок экенин билдирди. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз гана көк ала тактар ​​бар.

Ошол эле учурда скутердин айдоочусу өзү буга чейин социалдык тармакта Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирген.