Марал Радиосу

Чек ара: Кыргызстан Тажикстанды чагымчылдыкка айыптады

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тилкесинде 14-сентябрда кайрадан ок атылды. Ок атууну биринчи тажик тарап баштап, Кыргызстандын чек арасына бир эле учурда беш жерден чабуул койгон. Анын кесепетинен Чек ара кызматынын эки аскери жана Самаркандек айылынын төрт жараны ар түрдүү жаракат алышкан. Алардын арасында 11 жашар бала дагы бар. Акыркы чек арадагы окуялар Баткен облусундагы чек ара маселесин кайрадан ортого салды. 

Чек ара кызматы билдиргендей, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылды. Саат 08:10до Булак-Башыда, 14:00дө Как-Сай, 15:08де Паскы-Арык аймагында атышуу болгон.

Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен. Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок атышкан. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган.

Бүгүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге барып күч түзүмдөрү менен жабык жыйын өткөрдү. Ошондой эле ал кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал боюнча маалымат берип, жаңжалды тажик тараб тутантканын айтты. Мындан сырткары ал кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын шарттуу сызыгына жакын жерде тажик тарап ок атууга окоп казып даярдашканы боюнча далилдер бар экендигин маалымдады.

Ошол эле учурда ал кыргыз тарапка тажик тараптын катардагы жарандары тарабынан чабуул башталганын белгилеп, бул маселе өтө кооптуу экендигине токтолду.

«Чыңалуу бүгүнкү күндө көп деп айтсам да болот. Кечээ негизинен беш жерден биздин чек арага чабуул коюлду. Анын төртөө аскердик имараттарга болсо, бирөөсү жарандык объект болгон. Андан «Самаркандек» жерлигинде 10 жарандын имараты жабыркаган жана төрт жаран ар түрдүү жаракат алган. Кечээки чек арадагы чырдын негизги өзгөчөлүгү, булардын жарандар жашаган аймакка кол салгандыгы болуп жатат. Бул өтө кооптуу жана мыйзамсыз аракет. Мындан кийин да ушундай кадамдарын улантышса, биз сөзсүз түрдө адекваттуу чараларды колдонобуз. Ошол эле учурда биздин эки аскер кызматкерибиз да жаракат алышты».

Тажик тарап менен мурда болгон сүйлөшүүлөргө карабастан, 14-сентябрда тажик тарап ок атуучу куралдарды жана минометторду колдонуу менен бир эле учурда 5 багытта, анын ичинде бир калктуу конушка куралдуу агрессия көрсөттү. Куралдуу баскынчылыктан 2 аскер жана 4 жергиликтүү тургун жаракат алды. Алардын бири 11 жаштагы бала болгон. Жабырлануучулардын бүгүнкү абалы боюнча Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат катчысы Жылдыз Айгерчинова буларды билдирди.

«Лейлек жалпы дарыгерлер практикалык борборунда бүгүнкү күндө үч жабырлануучу дарылануусун улантып жатат. Алардын экөөнүн абалы орто оордукта, бирөөсүнүн абалы оор деп бааланууда. Аларга кечээ шашылыш операция жасалаган. Андан кийинки абалдары туруктуу. Ош шарынан барган дарыгерлер консилиум өткөрүп, дарылоолорго түзөтүүлөрдү киргизишти. Учурда жабырлануучулар дарыгерлердин көзөмөлүндө».

14-сентябрда тажик тараптан атылган октон улам Баткен облусунун Баткен районундагы Булак-Башы жайлоосунда өрт чыккан. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,  өрт толугу менен өчурүлө элек, учурда өрт өчүрүү иштери уланууда. Өрт өчүрүүчү-куткаруучулар тобу техника барууга мүмкүн болбогон жерлерде чакалап өрттү өчүрүү иштерин улантууда.

Чек арадагы акыркы окуяларга депутаттар дагы тынчсызданууларын билдиришти. Парламентин бүгүнкү жыйынында бир катар депутаттар чек ара маселесин, Баткенге берилген убадаларды кайрадан көтөрүштү.

Алсак, депутат Нурлан Ражабалиев кыргыз-тажик чек арасындагы окуялар тууралуу сөз кылып, Баткен облусуна тиешелүү кабыл алынган токтомдордун аткарылышын карап чыгуу керектигин эскертти. Муну менен ал чек арага жакын аймактардагы жолдорго байланышкан сунуштары менен бөлүштү.

«Чындыгында бүгүн Баткендин кыйналып турган кези. Темирге темир тийип кетсе дагы кайсы жерден ок чыкты деп коркуп жашап турган кез. Кечээ дагы чыр-чатак чыкты. Элге кыйын, качыш керек. Жыл башында Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Төрт-Көчөнүн ары жагындагы айылдарды эвакуациялоого жардам болсун деп кайрылганбыз. Министрлик 120 бирдиктен турган бөлүм ачабыз деген эле. Кайра кайрылсам бүгүнкү күнгө чейин каражаттаын жоктугунан ачылбай турганын билдиришти. Өкмөт ушундай маселелерге каражат таап чечип берсин, элдин коопсуздугу биринчи маселе. Экинчи маселе, Ак-Сай-Рават жолун оңдош керек. Азыр күн ачык болгондугуна байланыштуу жол менен качууга болот, эртең кышында кол салуу болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Ал жолду кышында колдонууга мүмкүн эмес. Ушунудай маселе Айгүл-Таш- Согмент жолу. Өкмөт анча-мынча маселелерди артка жылдырып, ушул маселелерди биринчи кезекте чечиши керек».

Өткөн жылы Баткен облусуна өзгөчө статус берилген. Анын алкагында Баткен облусун өнүктүрүү программасынын негизинде ар жылы 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүү тапшырылган. Бирок убадаланган каражат азыркыга чейин бөлүнө электигин депутат Чыңгыз Ажыбаев сынга алды.

«Жыл сайын Баткен облусун өнүктүрүүгө бюджеттен 500 млн сом бөлүнөт деп мыйзамда так көрсөтүлгөн. Бүгүнкү күнгө чейин акча бөлүнбөй турат. Министрлер кабинети өзү мыйзамдуулулкту сактабай туруп, карапайым калктан кантип мыйзамдуулукту талап кылат. Мындан сырткары Баткен облусунун Лейлек районуна көңүл бурулбай жатат. Курулат деген мектептер бүгүнкү күнгө чейин салынбай жатат».

Баткен облусунда 537 миң калк жашайт. Алардын 65%ы эмгек миграциясында, башкача айтканда, Кыргызстанда эң көп Баткен облусунун жашоочулары ички жана сырткы миграцияга кабылган. Ошондой эле Баткен облусунун айыл өкмөттөрүнүн 99%ы, тагыраак айтканда, 31 айыл өкмөттүн 30у дотацияда. Мына ошондуктан Баткенди өнүктүрүү үчүн жыл сайын 500 млн сомдон кем эмес акча бөлүнүп турмай болгон.

УКМК билдиргендей, акыркы куралдуу кол салуу, кара түстөгү аскер кийимин кийген, эч кандай аскерлерге таандык белгиси жок сакалчан белгисиз адамдар тарабынан жасалган. Ошол эле учурда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тажик тарапты дагы бир жолу бардык чек ара көйгөйлөрүн жана маселелерди тынчтык жолу менен жана сүйлөшүү аркылуу чечүүгө чакырып келет.

Exit mobile version