Марал Радиосу

Сурабалдиева: Эмгек министрлиги чет өлкөгө жумушка баруучулардан акча талап кылууда

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Эльвира Сурабалдиева чет өлкөгө жумушка барууну каалаган жарандардан келип түшкөн кайрылуу тууралуу сөз кылды. Анын билдирүсүнө ылайык, Эмгек, социалдык камсыздандыруу жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунда коррупция күч алган.

«Алар сыртка ишке кетүүнү каалгандардан акча талап кылышат экен. Бул борбордо чоң коррупция болуп жатат. Ошондуктан УКМКга кайрылам, барып аталган борбордун ишмердүүлүгүн текшерип чыкса. Ал борборду учурда Кубандык Акматбеков жетектеп жатат. Өзгөчө арыздар жана даттануулар Нагима Ашимбекованын үсүнөн түшүп жатат», — деди Сурабалдиева.

Депутат ошондой эле жумушка орношууну каалаган жарандар тизмеден чыгып калуу коркунучунан улам арыз жазбай жатышканын белгиледи.