Марал Радиосу

Ташиев Баткендеги чек арадагы абал боюнча маалымат берди (видео)

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы акыркы абал боюнча журналистерге маалымат берди.

Анын айтымында, учурда чек арадагы абал тынч. Бирок ошол эле учурда чыңалуу бар.

«Чыңалуу бүгүнкү күндө көп деп айтсам да болот. Кечээ негизинен беш жерден биздин чек арага чабуул коюлду. Анын төртөө аскердик имараттарга болсо, бирөөсү жарандык объект болгон. Андан «Самаркандек» жерлигинде 10 жарандын имараты жабыркаган жана төрт жаран ар түрдүү жаракат алган. Кечээки чек арадагы чырдын негизги өзгөчөлүгү, булардын жарандар жашаган аймакка кол салгандыгы болуп жатат. Бул өтө кооптуу жана мыйзамсыз аракет. Мындан кийин да ушундай кадамдарын улантышса, биз сөзсүз түрдө адекваттуу чараларды колдонобуз. Ошол эле учурда биздин эки аскер кызматкерибиз да жаракат алышты» , — деди ал.

Ошондой эле ал тажик тарап алдын ала провакацияларды даярдагандыгы боюнча, алдын ала согуштук позицияларды ээлешкендиги  боюнча маалматтар бар экендигин кошумчалады.

Мындан сырткары ал кыргыз тарапка тажик тараптын катардагы жарандары тарабынан чабуул башталганын айтып, бул маселе өтө кооптуу экендигин белгилеп өттү.

Ташиев сөзүнүн аягында чек ара маселеси президент Садыр Жапаровдун жеке көзөмөлүндө экендигин белгилеп, чек арачылар милдеттерин так аткарып жаткандыктан, кооптонууга негиз жок экендигин маалымдады.

Кечээ, 14-сентябрда эртең менен кыргыз-тажик чек арасында ок атылган. Күн ичинде Баткендин беш аймагында атышуу болгон.